www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы кодексте сотторго көп укуктар берилди. Мындай пикирди бүгүн, 24-июнда NazarNews маалымат агенттигине Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүт Конкубаева билдирди.

--“Кодекске байланышкан долбоор иштелип чыкты. Мында практика жүзүнө колдонулган көптөгөн келишпестик нормаларды карап, талдадык. Жалпы 285 кодекске өзгөртүүлөр кирди. Мисалы, дал келбестиктер, карама-каршылыктарга абдан катуу көңүл бурулду. Жазалануучулардын жана жабырлануучулардын укуктарын карап, аларды сактаганга аракет кылдык. Ошондой эле, бардык кылмыштардын жазаларын жеңилдеттик. Жарандар ар кандай дооматтарды айткандыгына байланыштуу булардын баары эске алынды. Андыктан сот гана акыйкат чечим чыгарышы керек деген максатта, аларга көп укуктар берилди.

Ал эми ишкерлер боюнча жазаларды төмөндөттүк. Эгер ал мамлекетке келтирилген зыянды бюджетке толугу менен төлөп берсе, жазасын жеңилдетүү керек деген бүтүмгө келдик.  

Мисалы, мыйзамсыз тендерлер боюнча дагы нормалар сакталды. Тактап айтканда, кылмыш кылган ишкерлердин жана жабырлануучулардын дагы укуктары дыкаат каралды”, - дейт Конкубаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости