www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Теңир-Тоо жаштар ынтымагы» коомунун төрагасы Урмат Акунов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча кыргыз элине Кайрылуу жасады.

Ал өз кайрылуусунда элди сабырдуулукка жана ынтымакка чакырды.

«Урматтуу кыргыз элим! Ыйык Рамазан айында кан төгүлүп, ата-эне зыркырамак түгүл, бир да жандык жабыркабашы керек болчу. Бул учурда эки тараптан тең туура кадамга барышты. Албетте, буга биринчи кезекте жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы болду. Чек арадагы азыркы кырдаал Өмүрбек Суваналиевдин эң чоң катачылыгы болду.

Өмүрбек Суваналиев кайсы гана жерге барбасын, элдин эмес, жеке кызыкчылыкты бийик коюп келген. Буга далил катары айта кетсек, 2017-жылы Бириккен фронтту жетектеп чыкканда атамдан айрылып турганда, атамдын өлүмү эмес, бийлик менен соодалашып отурган. Кийинки бийликтегилерге да соодалашуу жолу менен келген. Мына эми Садыр Жапаровго да Жээнбековду жамандап, Баткенди өз колуна алды. Ал генерал катары берген бирда сөзүн аткара алган жок. Азыр эми элди ушундай абалга алып келген Суваналиевдин кызматта отурганга моралдык да укугу жок. Баткен эли, Суваналиевге ишенич артпагыла! Ал бул кылган шаалаакылыгы үчүн жооп берсин! Чек арадагы ар бир ый-көз жаш, ар бир өлүм үчүн Өмүрбек Суваналиев түздөн-түз күнөөлүү.

Урматтуу кыргыз элим! Ушундай кыйын кырдаалда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарап ынтымакта бололу! Ар бир кадамыбызды акыл менен чечели», - деп кошумчалаган Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости