www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды.

«Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады.

Тажикстандын бардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири - бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жалпыга жар салууда.

Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган – уругу, бала – чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коңшуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын», - деген чакырыктар айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости