www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин ырчы Бурул Арунова жолдошу менен ажырашып кеткендигин бирок ал тынчтык бербей жаткандыгын айтып чыккан.
“Биздин ажырашканыбызга көп убакыт болду. Бирок ал мага такыр тынчтык бербей жатат.
Турсун уулу Эрнис 1990-жылкы Кочкор районунун Чолпон айылынын сыймыгы! Жарым жылдан бери мага тынчтык бербей, актёрдук чеберчилигин көрсөтүп келет. Азыркы учурда ден-соолугум жабыркап турган убагым, күч органдары бул ишти карабай жатышат.
Мага бул адамдын жашоосу баары бир, каалагандай жашасын. Бактылуу болсун чын жүрөгүмөн каалайм. Бирок ар кайсы номерден чалып, жазып, сөгүп, сүрөттөрүн жөнөтүп, үйгө келип жаңжал кылып, тынчыбызды алып жатат. Бул боюнча бүт видео, фактылар бар. Бул чети гана тажадым. Учурда соттук процесс жүрүүдө. Айтчу көп сөздөр бар”,- деп айткан болчу.
Арунова мурдагы жолдошу үйүнө чейин келип, анын үй-бүлөсүнүн тынчын алып жүргөн видеотасмаларды жарыялады.
Арунова: "Боюмда бар кезинде өздүк унаамда ичиме тепкен. Баланы алдырасың деп айткан", - деп жергиликтүү басылмага ыйлап айтып берген.
Ал эми жолдошу Турсун уулу Эрнис мурдагы келинчегинин сөздөрүн четке каккан: "Менде эркек катары эч кандай коркутуулар болон эмес. Менин жашайын деген оюм бар болчу. Сотко канча жолу чакырды. Мен Бурулдун деңгээлине түшкүм келген эмес. Мен ырчы болбогонум үчүн коомчулук мага ишенбейт. Акыркы жолу эки жолу барып, видеону өчүрүп коюуну суранганмын. Бурулдун туугандары, өзү да жакшы кишилер. Бирок эмнеге мындай жолго барды билбейм. Атасына да барып, Бурулдун арызын алуусун сурангам", - деп маалымдаган.
Эске сала кетсек, ырчы 1989-жылы 16-сентябрда Чүй облусунда төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктаган. Анын репертуарында "Мендеги ыйык махабат", "Керексиң", "Өзүңө гана", "Бийге чакырам" жана башка ырлары бар.
Булак: NazarNews.kg