www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов коррупционер эмес, ал кыргыздын патриот адамы. Бул тууралуу пикирин NazarNews маалымат агенттигине “Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова маек учурунда айтты.

--“Эки жылдан бери Кыргызстанда Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу катуу талкуу болуп жатат. Бул бүтүндөй кыргыз элине белгилүү. Баардыгы эле туура Матаримов тууралуу жакшы түшүнүп - түшүнбөй эле сөз кылып жатышат. Ар бир адамды сөз кылып жатканда, ал ким экенин билип, кылган иш-аракеттерине көз жүгүртүп анан баа берген туура. Негизи аны коррупционер деп жатышат. Бул туура эмес, себеп дегенде соттун чечимм чыкса гана айтса болот. Андыктан божомолдоп ар кимдин артынан тон бычкан бул акылсыздык. Райымбек Матраимов Бажы кызматында эмгектенип жүргөн учурда, коррупция кылып журсө ошол кездеги төрага Кубанычбек Кулматов каякты карап олтуруптур. Анын дагы былыктары бар. Азыркы күндө анын аты таптакыр аталбайт, ал дагы учурунда жеген. Ал кездеги анын колдоочусу Алмазбек Атамбаевге ишенип көптөгөн туура эмес иштерди кылган.

Мына бир жылдан ашык убакытта финпол текшерип, эч нерсе таппай коюшту. УКМКга өзү келди, мыйзамга баш ийип айткан суммасын төлөп берди. Канчалаган коррупцияга шектелгендер акчасын төлөбөй эле коюшту. Пандемияда кимдин ким экенин көрдүк. Республиканын булуң-бурчундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Бул патриот адамдын иши. Өлкөгө кыйынчылык келгенде кол сунуп чыкканы эр азаматтын жүзү.  Бирөөнү күнөөлөгөн оңой, бирок жардам бериш кыйын. Ким ушундай кол сунду. Элди алдап, башын айлантпай туура маалымат берип, туура саясат жүргүзүшсө. Жөнү жок каралап, келечекте чоң иштерди жасай турган, элге кызмат кыла турган балдарыбызды камап, келечектерине балта чаап жатышат. Бизде адилеттүүлүк жок. Чындык чыркырап жатканы баарыбызга маалым”, -дейт Бекмуратова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости