www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районунда видеокөзөмөлгө мал уурдаганы тартылып калган адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Кол ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

7-декабрь күнү айрым социалдык тармактарда видео тасма жарыяланып, анда белгисиз адам бирөөнүн мал сарайынан бир баш жылкы уурдаганы тартылган. Ошондой эле, видео тасманын аталышы: «Пойман с поличным: В Иссык-Кульской области мужчина ворует скот у сельчан и остается безнаказанным», – деп көрсөтүлгөн.

Аталган видео тасма боюнча төмөӊдөгүлөрдү билдиребиз: 6-декабрь күнү Түп райондук милициясына 46-жаштагы Ой-Тал айылынын тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 20.30 чамаларында белгисиз адам мал сарайына кирип, бир баш жылкысын жетелеп чыкканын, андан кийин үй ээлери көрүп калып, артынан кууганда, уурдаган малды талаага таштап качып кеткенин билдирген. Ошондой эле, арыз ээси мал уурулук фактысы видеокөзөмөлгө түшкөн тасманы да милиция кызматкерлерине тапшырып берген.

Арыз Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-(Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Видео тасманы изилдеген милиция кызматкерлери, эртеси эле шектүү адамдын өздүгүн аныкташып, колго түшүрүштү. Ал Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 52 жаштагы тургуну К.М. болуп чыгып, күнөөсүн мойнуна алды.
Учурда кармалган адамдын башка мал уурулук фактыларына тиешеси аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости