www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаалга байланыштуу облустук штабдын чечими менен Ысык-Көлгө жарандардын жана автоунаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, район жана шаар аралык зарыл эмес каттамдарга да убактылуу чектөө коюлду. Өзгөчө кырдаал учурунда ооруканалар, дарыканалар, азык-түлүк сатуучу жайлар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер кадимки тартипте иштейт.

Ысык-Көл облусунун аймагынын кире беришинде күнү-түнү иштей турган эки санитардык-карантиндик көзөмөл посту орнотулду. Анда дарыгерлер, милиция, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү нөөмөттө турушат.

ЮБелгилей кетсек, Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул режим бир айга созулат. Анын алкагында бир катар чектөөлөр киргизилери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости