www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда Орусиянын күчтөрү Донбасстагы жаңы чабуулдарына камылга көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда орус армиясы Украинанын чыгышындагы «дымагын» ишке ашыруу үчүн күчүн топтоп жатат.

Ал Батыш өлкөлөрү Бучадагы кыргынды улай жарыялаган санкциялардын жаңы пакети таасирдүү болгону менен жетишсиз экенин белгиледи.

«Эгер Орусияга каршы чыныгы сокку уруучу санкциялардын топтому болбосо, эгер бизге керектүү жана биз көп жолу сураган курал-жарактар болбосо, анда муну Орусия уруксат катары кабыл алат. Алдыга жылуу жана чабуул коюуга берилген уруксат. Донбасста кан төгүүнүн жаңы толкунун баштоо үчүн уруксат», - деди Зеленский.

Ал ошондой эле, Киев Батыш өлкөлөрү Орусиянын мунайынан баш тартуунун жолун табышы керек экенин кошумчалады.

Орусия Украинага басып киргенине алты жума болду. АКШнын коргоо тармагындагы расмий өкүлү билдиргендей, соңку күндөрү орус армиясы Украинанын түндүгүндөгү Киев жана Чернигов шаарларынын айланасынан 24 миңдей аскерин Беларусту жана Орусияны көздөй чыгарып кетти. Атын атагысы келбеген бул расмий өкүл жер которгон орус аскерлери Украинанын чыгышындагы салгылашууларга тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын айрым маалыматтарына ылайык, Орусияга Украинанын чыгышындагы жаңы чабуулдарга даярдануу үчүн бир айдай убакыт кетиши мүмкүн.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости