www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурорлор соттон Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" тобу менен кызматташкан деп айыпталып жаткан Шохида Мамажонованы жети жылга эркинен ажыратууну өтүнүштү.

Бул иш боюнча алгачкы отурум 7-апрелде Душанбенин Исмоили Сомони райондук сотунда өтүп жатат. Ага "Озоди" радиосунун журналисттери киргизилген жок.

Сотто прокурорлор Мамажонова өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" тобу менен "Кайра жаралуу партиясынын" идеяларын колдогонун билдиришти.

"Ал блогер уулунун YouTube сервисиндеги видеосунун алдына "Ислох+" деген комментарий калтырган. Бул белги Тажикстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы багытталган. Мындан тышкары 2021-жылы май айында YouTube’да өкмөткө каршы эки билдирүү жазса, президенттин күнү белгиленген 16-ноябрда мамлекет башчыны сындаган пикир калтырган", - деди прокурор.

Сотто Мамажонова "өзүн күнөөлүү деп эсептей турганын жана кылганына өкүнүп жатканын" айтты.

"2021-жылы июнда аскердик бөлүктөрдүн биринде иштеген иним жумуштан алынган. Окуу жылынын башында ал балдарына кийим-кече сатып бере албай калганын көрүп, YouTube'га бийликти сындаган эки комментарий жазып жибергем", - деди айыпталуучу.

Адвокат Мамажонова күнөөсүн моюнуна алып жаткандыктан, ага камакка алууга байланышпаган жаза белгилөөнү өтүндү. Сот азырынча бул боюнча өкүм чыгара элек.

Шохида Мамажонованын Германияда жашаган уулу Шерзод Мамажонов буга чейин бийликтин хиджабга карата мамилесин бир канча жолу сындаган. Ал апасы анын сынчыл блогдору үчүн куугунтукталып жатканын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости