www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдөн түшкөн пайдага тышкы карызды төлөп,  ГЭС куруп, сай жерлерге суу чыгарып, багбанчылыкты өнүктүрүшүбүз керек», - деди бүгүн, 7-апрелде NazarNews маалымат агенттигине эксперт Акан Иманов.

- Акан Эрикович, «Центеррадан», Күмтөрдү 100 пайыз алып, мамлекет өзү иштете турган болдук. Уттукпу же утулдукпу?

- «Центеррадагы» акциябыздан жок дегенде 6% алып калсак болмок. Себеби дүйнөлүк деңгээлдеги ишканада биздин да ордубуз болмок да. Буга чейин «Центерра» биздин Кумтөрдүн арты менен ушундай деңгээлге жетти. Ал эми бул компаниянын Кыргызстанга карата иш аракети 30 жылдык ишмердүүлүгүндө оркойуп көрүнүп калды.

Менимче, алар бузулган экологиябыз үчүн эч нерсе бербейт болчу. Кийин рекультивация жүргүзүшү да күмөн туудурмак. Эми баары өзүбүздүн колубузда. Мурдагыдай эч кимге дообузду арта албайбыз. Эртеңки муун алдында да өзүбүз жооп беребиз.

Ошондуктан, Кумтөрдү башкаруу эми ачык-айкын болушу керек. Буга чейин парламентке да отчёт бербей коюшту эле. Топ менеджерлер башкарып, эл аралык деңгээлдеги ишкана бойдон калса деген тилектемин.

Эгер башкаруу кыргызчага өтүп кетсе, Макмалдагы башкаруунун кейпин кийип калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн эл аралык деңгээлдеги башкаруу сөзсүз керек. Ошондой эле Кумтөрдөн түшкөн пайда (акчасы) бизге абдан зарыл.

Тышкы карызды төлөп, ГЭС куруш керек. Сай жерлерге суу чыгарып, багбанчылыкты өнүктүрүшүбүз керек. Булардын баарына каражат керек да. Ошол жагынан алганда бизге чоң тыгынчык болмок.

- Дыйкандардын жер салыгынан бошогону айыл чарбанын өнүгүшүнө оң таасир береби?

- Дыйкандардын жер салыгынан  бошотулушу кичине болсо да жардам. Бирок, бул маселе алар үчүн көйгөй деле эмес болчу. Дыйкан ар бир гектар сугат жерге 400 сомдон салык төлөйт. Учурда болсо жеңилдетилген насыя же үрөн сыяктуу көйгөй сап башында турат.

Дыйкандар буга чейин кантип өз арабасын сүйрөп келсе, азыр дагы ошол көйгөйү менен жүрүшөт. Өлкө башчыбыз бул маселеден мурда жер ээлеринин социалдык фондго болгон төлөмдөрүн жолго коюп берсе болмок.

Дыйкандардын кыйынчылыгы дал ушул жерде. Салык төлөбөгөн дыйкандар 5-10% болушу мүмкүн, ал эми соцфонд төлөмүн 25 жыл төкпөгөн дыйкандар бар. Бул маселе 80% жер ээлеринин проблемасы.

Мыйзам боюнча алар акыркы алты жылга төлөшү керек, бирок элде маалымат жок болгондуктан, соцсалыкты 25 жылга да төлөткөн учурлар бар. Актай барактан жасала турган иштер көп. Болбосо бул көйгөй кимдир бирөөлөрдүн сол чөнтөгүн кампайта берет.

- Дыйкандар жер салыгын төлөп жүрүшкөндө кандай кыйынчылыктарга туш болушчу эле?

- Жер салыгын төлөөдө дыйкандар маалымат жетпегенден жабыркашат. Мисалы, өткөн жылы 1-августка чейин салыкка карыз болгондор негизги бөлүгүн төлөшсө 100% пениясын төлөөдөн бошотулду, ал эми 1-январга чейин төлөгөндөр 50% бошотулган.

Эми дыйкандардан сурасаңыз эч бири мындай мүмкүнчүлүк болгонун билишкен эмес. Керек болсо алар пенясын кошуп төлөштү. Анан дагы бир жагдай бар. Салык төлөөдө акыркы алты жыл кана эсептелиши керек.

Бизде болсо 1996-жылдан бери эсептеп беришет. Салык кызматында же айыл өкмөттөрдө маалымат катарында ачык жазып коюу деген нерсе жок. Негизги нерсе аткаруу органдары элдин моюнуна мингенди жакшы көрүшөт.

Негизги айыл чарба үчүн жеңилдиктер соцфонд, насыя, үрөөн, күйүүчү май жана заманбап технологиялар багыттары боюнча керек. Ошондой эле  сугат сууга да көңүл бурулуп айыл өкмөттүк деңгээлде каржылоо жүргүзүлүшү зарыл.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости