www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз тарыхтын эң оор сыноосунан өтүп жатабыз. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги кайрылуусунда айтты. Бул тууралуу MIGnews.com жазды.

«Биз тарыхыбыздагы, жашообуздагы эң коркунучтуу сыноодон өтүп жатабыз. Биз колубуздагы эң кымбат нерсени коргойбуз. Биз кармашыбыз керек, күрөшүшүбүз керек жана биз жеңебиз. Мен ага ишенем», - деди ал.

Буга кошо Зеленский бир күндө гуманитардык коридорлор аркылуу 5550 адам куткарылганын айтты. Алты күндүн ичинде - 130 миңден ашык.

«Яворивский полигонунан болгону 20 чакырым алыстыкта ​​НАТОнун чек арасы саналат. Эгер биздин асманды жаппасаңар, орус ракеталары сиздин аймагыңызга, НАТОнун аймагына, НАТО өлкөлөрүнүн жарандардын үйлөрүнө кулашы убакыт маселеси», - деп кошумчалады Зеленский.

Өз кезегинде Зеленский Украинанын максаты - «эффективдүү коопсуздук кепилдигин алуу» экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости