www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин тапшырмасынын алкагында УКМК тарабынан бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анын алкагында Мамлекеттик комитет мамлекеттик мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерине карата алардын жогорку билими тууралуу дипломдорунун аныктыгы боюнча он миңдеген материалдарды текшерүүгө тийиш.
Учурда жасалма дипломдорду колдонууда деп шектелгендердин бардыгы текшерилүүдө:
ЖКнын 4 депутаты,
ЖК аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты,
2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору,
Ички иштер органдарынын 10 кызматкери,
УКМК Чек ара кызматынын 1 кызматкери,
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери,
Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери,
Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Унаа министрлигинен 3 кызматкер,
Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкери,
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери,
Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери,
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) 1 кызматкери,
1 медицина кызматкери, 17 билим берүү кызматкери,
Социалдык фонддун 1 кызматкери,
2 банк кызматкери, 4 муниципалдык кызматтын кызматкери,
Муниципалдык аймактык башкаруунун 1 адиси,
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары,
1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери,
Райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы,
Айыл аймагынын 7 башчысы,
2 а/а башчысынын орун басары,
7 а/а кызматкери,
5 айылдык кеңештин депутаты.
Ошондой эле, кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.
УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө, же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызмат ордун бошотууга чакырат.
Булак: NazarNews.kg