www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Республикасынын баш прокурору Берик Асылов бүгүн Жогорку Кеңеште январдагы баш аламандык боюнча иликтөөнүн чоо-жайын билдирди. Башкы прокуратуранын жетекчиси "Дикий Армандын" кармалышы боюнча айтып берди деп билдирет NUR.KZ кабарчысы.
Асылов белгилегендей, январь окуясы боюнча жалпысынан 766 адам камакка алынган. Алардын ичинен 19у деструктивдүү диний агымдардын жактоочулары, 27си тыюу салынган экстремисттик уюмдардын активисттери, 24ү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү.
Мындан тышкары, кармалган 113 адам адам өлтүрүү, уурулук жана тоноо боюнча соттолгон. Мисалы, "Дикий Арман" аталган Жумагелдиев жана анын тобунун 14 мүчөсү камакта.
"Мындай адамдардын жогото турган эч нерсеси жок болчу жана алар оңой эле ар кандай кылмыштарды жасашкан – дүкөндөрдү талкалашкан, талап-тоношкон, административдик имараттарга кол салышкан ", - деп комментарий берди Башкы прокурор. Анын айтымында, 22 миңден ашуун адамдын жасалган кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилди.
Эске салсак, "Дикий Армандын" кармалганы 7-январда белгилүү болгон. 11-январда ал 2 айга камакка алынган. Кийинчерээк Башкы прокуратура "Дикий Арман" тобунан 24 жаранды кармап, күч менен камакка алганын билдирген.
Белгилей кетсек, "Дикий Арман" каймана аты менен таанылган Жумагелдиев кыргыздын белгилүү модели Айкөл Аликжанованын жолдошу экени айтылган.
Булак: NazarNews.kg