www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутат Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун алкагында болуп жаткан маселелер боюнча ири ишкерлерге, супермаркет ээлерине жана дыйкандарга кайрылуу жасады. 

Эл өкүлү биринчи кезекте элдин жашоосун жеңилдетүү маанилүү экенин белгиледи.

«Мен ишкерлерше жана супермаркет ээлерине кайрылам: учурдагы кырдаалга байланыштуу азык-түлүктүн баасынын өзгөрүшү боюнча эл арасында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. Буга байланыштуу ар кандай жарманкелерди да уюштурууга болот. Ал эми бааны кошууда өтө эле аша чаап кетпегиле. Мен да учурунда ишкер болгом. Бизге баарынан да элдин ыраазычылыгы, ак батасы кымбат турат. Ошондуктан эл үчүн иштеп берели.

Ошондой эле дыйкандар бизге негизи керектүү продукцияларды себип, өзүбүздүн үрөндү көбөйтсөк жакшы болот», - деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Төрөбаев кыргызстандык дыйкандар бул жагдайдан кандай пайда көрсө болоорун айткан:

Орус-украин кризисинен улам азык-түлүк коопсуздугу жаралып, бул абал тилекке каршы Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт.

Кечээ Россия Федерациясы ЕАЭБ мамлекеттерине дан азыктары менен кумшекерди алып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү чечимин кабыл алды. Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Россиядан 2022-жылдын 31-августуна чейин буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекер ала алышпайт.

Айта кетсек, дүйнөдө буудайды экспорттоо боюнча Орусия биринчи, Украина бешинчи орунда, ал эми май азыктарын экспорттодо Украина биринчи, Орусия болсо экинчи орунда турат. Быйылкы жылы эки мамлекеттин ортосунда орун алган коогалаңдан улам украин экспорту жок болушу же кескин азайышы мүмкүн. Дүйнөдө негизги азык – түлүккө дефицит жаралат.

Кыргызстан 2022- жылы айыл – чарбасына жардам катары 26 млрд. сом, айыл –чарба багытындагы кластерлерге болсо 9 млрд. сом бөлдү. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери айыл – чарбасына мындай ири каражат бюджеттен биринчи жолу ажыратылды. Ошондуктан, быйыл кыргызстандык дыйкандар буудай, пахта, күнкарама, сафлор, кант кызылчасы сыяктуу эгиндерди көбүрөөк себиши зарыл. Бул кадам менен биз өлкөбүздүн азык – түлүк коопсуздугун сактоого өбөлгө түзөбүз. 

Мындан тышкары, мөмө-жемиштерди – алма, алча (черешня), малина өстүрүп, аны экспорттоого аракет кылууну сунуштайм.

Учурда Батыш мамлекеттери Орусияга түрдүү экономикалык санкцияларды салып, кызматташууларды токтотууда. Мындай шартта биз Орусиянын рыногуна мөмө-жемиш экспортун көбөйтүп, өзүбүздүн экономикалык шартыбызды оңдоп алууга мүмкүнчүлүк бар.

Бирок экспорт кылуу да оңой эмес, андыктан дыйкандарыбыз, ишкерлерибиз жемиштердин товардык көрсөткүчүн мыкты деңгээлде сунушташы абзел.

Таза, санитардык талаптар сакталган жана жакшынакай таңгакталган товарлар өтүмдүү болот.

Жараткан дыйкандарыбыздын тапканына береке берсин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости