www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын-алууга, ошондой эле мектептеги рэкетчиликти жок кылууга багытталган чаралар талкууга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселени кароону депутат Дастан Бекешев демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктардан улам 201 бала мектепке барбагандыгы аныкталганын маалымдап: “Аларга керектүү кийим-кече жана окуу куралдарын сатып алууга Президенттин фондунан 5 млн сом каралып, мектепке кайтаруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектеп жашындагы балдар толук каттоодон өткөрүлүп, зордук-зомбулуктун алдын-алуу чаралары систамалуу ишке ашырылууда”, – деди.

Талкуу маалында комитет төрайымы, депутат Динара Ашимова мектептеги рэкетчиликтин абалы боюнча статистикалык маалыматтар кандай экенине кызыкты.

Бирок билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова аталган маселеге Ички иштер министрлиги жооп бере алаарын жүйө келтирип, маалыматы жок экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Дастан Бекешев мектеп рэкетчилиги жоюлду деп айтууга негиз жок экенин белгилеп, ачык айтылбаса да аталган кылмыштык жагдай окуучулар арасында катталып жатканына токтолду.  

“Мектепке гана милдеттерди үйбөстөн, комплекстүү чараларды кабыл алып, ата-энелер менен да жигердүү иш алып баруу кажет. Бул жаатта жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор эмне иш аткарууда?”, – деген суроо узатты депутат.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мектеп рэкетчилиги боюнча 2021-жылы 19 факты катталганын билдирип: “Анын он сегизи мектеп ичинде, бирөө мектеп тышында болуп, жалпы он беши кыскарган. Калган үч окуя сотко өткөрүлгөн. Ал эми алдын-алуу чаралары боюнча тиешелүү мыйзамдардын негизинде бир катар иштер жүргүзүлүп, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор мектептерде жигердүү иш алып барууда. Системалуу түрдө маалыматтык колдоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, – деди.

Талкуу учурунда окуучулар ишеним номурларын да билбей турганы айтылып, бул жаатта да жумуштар жасалышы керектиги белгиленди.

Жыйынтыгында тармактык комитет өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана мектеп рэкетчилигинин алдын-алуу иштерин активдештирүү менен кылмыштардын санын азайтуу боюнча бир катар сунуштар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости