www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда наристени сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесинде (Документтердин жасалмасы) каралган кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында “Ж” аттуу жаран (аял киши) жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган. Бул кылмышты жасоо аракети даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берип жаткан жерден жогоруда аталган “Ж” аттуу жаран кармалган. Жаңы төрөлгөн наристе Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 171-беренесине (адам сатуу) квалификациясы алмаштырылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Булак: NazarNews.kg