www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкаларга курулай айып тагаардан оболу, Фарид Ниязов артка бир кылайып, объективдүү карап койсо артыкча болбойт эле. Бул тууралуу серепчи Бакыт Жумагулов билдирет. «Өзүнүн башындагы төөнү көрбөйт» деген сөз президент аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун бүгүнкү билдирүүсүнө карата туура келет. Фарид Ниязов коомчулукта, айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттарында таанымал адам.

Айрыкча, убагында жогорку кызматта турган, учурунда коомдук пикирди «шефтеринин» пайдасына өзгөртүүгө өтө көп күч жумшаганы соцтармакта буга чейин айтылып келген. Азыр дагы, бүгүнкү билдирүүсүн шайлоо кампаниясы күч алып турган чакта коомдук пикирге таасир этүү аракети деп кабыл алабыз. Фарид Ниязовдун айткандары суу кечпеген курулай айыптоо, жалпак тилде айтканда жөн гана догурунуу.

Ал киши айыптап жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнү кандай акыбалда өткөрүп алганын баарынан мыкты билет. Бир эле мисал, өлкө бюджети 20 млрд сомдон ашуун таңкыстыкта болчу. Коронавирус илдетинин пандемиясы кедергесин жалгыз эле Кыргызстанга тийгизген жок. Акысыз эмдөө иштери жүрүүдө. Өнөктөш жакынкы-алыксы өлкөлөр менен мамилелер жөнгө салынып, тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жатканы белгилүү.

Эч бир президент батына албаган «Кумтөрдү» мамлекетке алуу демилгеси көтөрүлүп, бул багытта дагы иш жүрүүдө. Эл оозунда далай айтылып, нааразылык жаратып келген «олигарх саясатчыларды» бир дагы мурунку президент камакка алып, бюджетке акча төктүрмөк турсун жөн гана суракка чакыргандан айбыгып келгени калппы? Канчасы камалып, канчасы мамлекетке келтирген зыянды төгүп берди.

Натыйжада, казынага 7 млрд сомдон ашуун каражат түштү. Аларды Фарид-мырза көргүсү же айткысы келбей калабы? Эмне, Алмазбек Атамбаевдин убагында өлкөбүз гүлдөп, аттиш өңдүү жабдуулар миңдеген долларга сатып алынып, ТЭЦке, тарых музейине алынып келген эмес беле? Аны эмнеге айтпайт Фарид Ниязов? Же биздин убакта электр энергиясын кошуналардан алда канча кымбат сатып алчубуз, силер деле ошентип алып жыргап отура бербейсиңерби деп айтпайбы?

Бетпактыктын дагы чеги болушу керек дейм! Кур дегенде Атамбаев бийликке келгенде Фарид Ниязов мурунку жетекчилер тууралуу даттанып, ыйлактап келгенин айтып койсо дагы адилеттүү болот беле дейм?

Ооба, маселе көп. Аларды чечүүнүн үстүндө иш дагы жүрүп атат. Пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүүдө. Эмки жылы өлкө бюджетин 400 млрд сомго чейин жеткирүү планы турат. Шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүгө бардык чаралар көрүлүүдө. 

Өз убагында Атамбаев СДПКны президенттик партия деп ачык айтып, ал партияга баары иштеп, 2017-жылы Сооронбай Жээнбековду «кулактан тартып» президент кылып, шайлоо процессине ачык киришкен.

Андыктан, айтаарым - Фарид Ниязов курулай айып тагаардан оболу, артка бир кылайып, объективдүү карап койсо артыкча болбойт эле. Шайлоо кампаниясы маалында өзүнө, кечээки партиялаштарына жан тартам десе, башка жолду тандасын. Курулай жалаа жабуу, популизм болбойт», - деп билгилейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости