www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ректор административдик ресурсту колдонуу факты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-ноябрдагы чечиминин негизинде иштен кетти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековду кызматтан алуу чечимине кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Кожобеков президенттин “Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган деп белгиленет. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-ноябрдагы чечиминин негизинде кабыл алынган.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-ноябрда, Акылбек Жапаров ОшМУнун студенттери шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн ректор Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматтан алынганын билдирген. Аны менен катар билим берүү жана илим министри Болот Купешев менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.
Булак: "sputnik.kg"