www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоого 18 эле күн калды, бирок бүгүн дагы бир жаңы депутат Жогорку кеңеште ант берди, анткени 6-ноябрда Мейкинбек Абдалиев менен Канат Керезбеков өз ыктыяры менен мандаттарын тапшырган. Керезбеков парламентте эң орчундуу комитеттердин бирин жетектеген, бирок ал дагы өз ордун башкага бошотту.
Мындай көрүнүш коомдо «мандат-шерине» деп атала баштады жана ал кыргыз саясаты, өзгөчө Жогорку кеңештин саясаты канчалык чирип бүткөнүн көрсөтөт. Он сегиз күндүн ичинде жаңы депутат кайсы мыйзам долбоорун жазып, аны парламент аркылуу өткөрө алмак эле? Бирок акыркы 2 айдын ичинде эле өз мандаттарын Керезбеков, Абдалиев, Жутанов, Тулендыбаев, Юсуровдор тапшырды.
Сиз бардык текшерүүдөн өтүп, 28-ноябрда дүкөндүн директору болуш керексиз дейли. Бирок ага бир-эки апта калганда, кимдир бирөө буйрук чыгартып алып, сиздин ордуңузга бир нече күн директор боло коёт экен да. Саясат менен соода бир-биринен айырмаланбай калды го.