www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Объектилер Түндүк – Түштүк альтернативалык жолунун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы "Чайна Роад энд Бридж Корп." компаниясы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн ачылыш салтанаты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты

Көрсөтүлгөн объектилер Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы "Чайна Роад энд Бридж Корп." компаниясы.

"Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1 076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал - Казарман автожолунда жайгашкан", - деп айтылат маалыматта. 

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин башчысына Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берген.

Андан соң Акылбек Жапаровдун жана Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда "Түндүк - Түштүк" альтернативдүү жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 чакырым жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.

Салтанаттын соңунда ак ниет эмгеги жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн төмөндөгүлөр сыйланышты:

  • Кыргызстандын ардак грамотасы менен Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь;
  • Кыргызстандын президентинин энчилүү сааты менен КРдеги жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) улук инженер-лаборанты Тухтаматов Руслан Рустамбекович;
  • Кыргызстандын президентинин энчилүү сааты менен КРдин жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) улук инженер-лаборанты Узубалиев Азамат Дуйшенович;
  • Кыргызстандын министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен КРдин жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хуся;
  • Кыргызстандын министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен КРдин жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) башкы директорунун орун басары жана “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулуш долбоорунун менеджери Цзинь Чжэ.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости