www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандардын арасында шайлоого 2-3 күн калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абаддагы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда билдирген.
Төраганын айтымында, бийликтин чара көргөнүнө карабастан шайлоо мыйзамдарын бузуулар болуп жатат.
«Кандидаттар өздөрү дагы мыйзамды сакташы керек. Бизде көптөгөн талапкерлер бир апта, эки-үч күн калганда добуш сатып алып баштайбыз деп күтүп жатканы боюнча маалымат бар. Силер (кызматкерлер) күнү-түнү уктабай көзөмөлдөшүңөр керек. Эгер добуш сатып алуулар болуп кетсе, кызматкерлер жазаланат», — деген Ташиев.
Ташиев добуш сатып алганы аныкталгандар да жазага тартыларын эскерткен. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарыл экенин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg