www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында ооруканада коронавирус жуктурган бир гана бейтап калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Кумар Ботокараев билдирди.

"Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 16-марттан бери 52 бейтап дарыланды. 52нин төртөө оор абалда түшүп, 3өө сакайып, үйүнө чыгарылды. Азыр бирөө да жакшы болуп, үйүнө чыкканы камданып жатат. Бүгүнкү күндө ооруканада 15 оорулуу болсо, 14ү 17 күндөн ашык дарыланып, эки ирет тапшырган ПЦР анализи таза чыкты. Азыр аларды ооруканадан чыгарганы даярдап жатабыз. Бейтаптарга үйүнө чыкканда коопсуздук эрежесин сакташыңыздар керек деп түшүндүрдүк", - дейт Ботокараев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости