www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19дан каза болгон жана вирус жуктуруп алган кызматкерлерге 217 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жалалидин Рахматулаев бүгүн, 12-октябрдагы, жыйында билдирди.

«1-апрелден баштап үй-бүлөлүк даарыгерлер топторунун адистеринин айлык акылары 100 пайызга көтөрүлгөн. Ошондой эле, стационардык мединицина кызматкерлерине 50 пайызга көтөрүлдү.

Азыркы кезде биз ушул маселени талдап, иликтеп көрдүк. Үй-бүлөлүк даарыгер айына 5000 сом алса, азыр 10 миң сом, ал эми стационарлардыкы 7500 сомго көтөрүлдү. Стационарда жана кызыл зонада иштеп, ооруну жугузуп алгандарга жана каза болгондорго май айында 50 миллион сом акча каражаты өкмөт тарабынан бөлүнгөн.

Анын 21 миллиону каза болуп калган медицина кызматкерлерине жумшалып жана 200 миң сому жугузуп алгандарга төлөп берилди. Андан кийинки этабында 217 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, анын 32 миллион сому каза болгон кызматкерлерге 1 миллион сомдон бөлүнүп, 925 кызматкерге 200 миң сомдон төлөнгөн», - деди Рахматулаев.

Эске салсак, бүгүн «Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын алкагында саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапаты менен ден-соолугун жакшыртуу» боюнча жыйын болуп өттү.

Бул жыйынга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Жалалидин Рахматулаев менен Бакыт Жангазиев, министрлдиктин стратегиялык пландоо жана программаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Медер Исмаилов жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүльбара Ишенапысова келип катышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости