www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну Жамал Кадыркулова “Улук Манапов менин баламды өлтүрүп, камалбай жылдыз болуп жүрөт” деп NazarNews маалымат агенттигине кайрылды.    

--“2009-жылы менин 17 жаштагы балам Токтоназыров Азаматты азыр ырчыга айланып, интернетте  жылдыз болуп жүргөн Улук Манапов катуу сабап, өлтүрүп салган. Баламдын кайгысын ушул күнгө чейин тартып келем. Барбаган жерим, какпаган эшик, кайрылбаган адам калган жок. Кыргызстанда акыйкат, калыстык деген нерсе жок экен. Сот, прокурор дегеле органда иштеген адамдар менен 10 жылдан бери күрөшүп, чыркырап акыйкат издеп келем.

2009-жылы балам Азамат Кыргыз Экономикалык Университетинде окуп жүргөндө курсташы Жумабек уулу Улукман тарабынан катуу сабалган. Балам оор жаракаттарынан улам тура албай бат эле каза болуп калган. Ошондо мен милицияга кайрылып, сотко чейин берип, баарына кайрылгам.  

Жумабек уулу Улукман азыр атын өзгөртүп Улук Манапов болуп алган. Ал менин баламды катуу сабаганын жанында жүргөн балдар баары айтышкан. Күбө катары бир канча жолу соттон дагы айтып беришкен. Бирок ал бала 9 ай гана камалды. Себеби, анын апасы Гулмара Осмоналиева Улуттук университетте мугалим экен. Тааныштары күчтүү болуп, баласын психикалык жактан жабыркайт деп справка алып больницага жаткарып, кийин чыгарып алган. Ошону менен баласы Улук Манаповду жактап, актап алды. Азыркы күнгө чейин ал жазасын албай жыргап жүрөт.

Ал эми баламды өлтүрүүгө катыштыгы бар деген дагы бир баланы бул жактан милиция кызматкерлери таппай коюшкан. Россияга чейин издеп бардым, былтыр гана камалган. Бирок ага дагы акыйкат чечим болбой жатат. Мен сотторго аябай нааразымын. Жакында Жогорку Соттон иш каралат, бирок кандай чечим болоору белгисиз.

Андыктан мен президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана  Жогрку Соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылам. Акыйкат чечим болсун, менин кырчындай баламды өлтүрүп, өзүнчө ырчы болуп, бул жашоодо жыргап жүргөн Улук Манапов өз жазасын алсын. 10 жылдан ашык убакыттан бери органда иштеген адамдардан көңүлүм калды. Азыр бийликтеги адамдар менин үнүмдү угаар”, - дейт Кадыркулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости