www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ “Апрель” телеканалы Жогорку кеңештин айрым депутаттарынын гимнди билүү деңгээлин текшерген. Гимнди билбей чалынып-мүдүрүлгөн депутаттардын ичинен Пархат Тулендыбаевдин булдуруктап тантыган аткаруусу кыргызстандыктарды чалкасынан кетирген.
Жогорку Кеңештин алдынан чыгып келе жаткан депутуттардын баарына бирдей суроо узаткан журналистке нааразы болгон Жанар Акаев өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирди:
- Гимнди мен такай толук ырдайм, толук билем, бүгүн Апрель ТВ капыл-тапыл суроо бере калганынан бардык куплетин толук айтып, эн акыркы куплетиндеги акыркы сабын гана чынында ошол убакта эстей албай калдым. Күнөө менде бул жерде. Айрым депутаттарды кайырмасын гана ырдатып коюптур, бирок менин эн акыркы сапты айталбай калганымды кошуптур суроо салган Канат иним. Гимн азыр эки гана куплет, мен 3 куплетти айттым. Бирок Канат Каниметов мени жакшы билет экенсиз деген. Мен «жакшы көргөн» Атамбаевге таандык Апрель телеканалына баарыбир рахмат, көпчүлүк ойлонуп калды,- дейт Акаев.
Соц тармактарда "Атамбаевдин "Апрели" депутаттарды гимнден кармайын деп аттанаардын алдынан төмөндөгү видеону бир карап алышса болмок экен"-дегендер да болду.
Айтмакчы, "апрелчилер" жалаң Атамбаевди "сатып" кеткен депутаттарды издеп таап буйдалткандай.
Булак: NazarNews.kg