www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баш мыйзамга каршы чыгып, Баш мыйзамга ылайык, өлкө үчүн эч ким жоопкерчилик албай турганын билдирди.
Анын айтымында, президенттик башкарууну Кыргызстан башынан өткөргөн жана анын натыйжасы да белгилүү.
«Мен Баш мыйзамды өзгөртөбүз дегендерге каршымын. Жаңы түзүлгөн Баш мыйзамда эч ким жоопкерчилик албайт экен. Баарын эле президент чечет, президент аткарат, президент баарын дайындайт деп жазылган. Эң негизгиси Баш мыйзамда тең салмактуулук жок.
Ошондой эле, Баш мыйзамды жазгандардын 98 пайызы бийликке кошомат кылып келгендер», - деген эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg