www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кар көчкү электр энергиясын үзгүлтүккө учуратты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кар көчкү электр мамычаны жабыркатып, электр энергия үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 25-февралда Алаш жайлоосуна баруучу жолдун Даван тилкесинде түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен Токтогул ГЭСинен "Датка" көмөк чордонуна келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 "фаза А" электр мамычасы жабыркап, электр энергия үзгүлтүккө учураган.

Учурда электр энергия башка линия аркылуу камсыздалууда.

Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча тиешелүү кызматтардан турган комиссия 1-март күнү Valor-Air компаниясынын тик учагы менен жеринде байкоо иштерин жүргүзүп, электр мамычасына баруучу болжол менен 15 чакырым унаа жолду тазалоо чечимине келишкен.

Унаа жолду тазалоо иши 2-март күнү башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости