www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигине салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар декларациясын тапшырууга милдеттүү. Ошондой эле ишкана катары каттоодон өтпөгөн дыйкан жана фермердик чарбалар декларация тапшырышы шарт", — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышары белгиленди.

Эске салсак, юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-мартта аяктады.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости