www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири өлчөмдө тамеки буюмдарын акциздик маркасыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мыйзамсыз кадамга баргандар Иран Республикасынан "А.Н." аттуу жаранга тамеки заттарын ташып келишкен, ал эми бул жаран эч качан экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген эмес жана салык органдарында каттоодо турган эмес.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, жогоруда аталган тамеки буюмдарына акциздик салык болжол менен 20 миллион 738 миң сомду түзгөн. Учурда чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости