www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тазалыктын” жумушчусун коюп кеткен айдоочу табылды

Бир нече күн мурда Бишкектеги “Тазалык” ишканасынын жумушчусу Мадина Токобаеваны таңга маал көчө шыпырып жатканда белгисиз машине коюп кеткен.

Токобаева “Тез жардам” автоунаасында өзүнө келген. Учурда ал Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда.

Мэриянын маалыматына караганда, Токобаеванын буту, сол жаагы сынган, мээси чайкалып, ар түрдүү жараат алган.

Мэриянын басма сөз кызматы жумушчуну коюп кеткен айдоочу табылганын, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Мэрия “Тазалыктын” кызматкерлеринин баары камсыздандыруудан өткөнүн, ишкана дарылануу акысын төлөп бере турганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканага барып, Токобаевадан кабар алышкан.

“Тазалык” ишканасынын жумушчуларын иш учурунда автоунаа коюп кеткен учурлар буга чейин да катталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости