www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров Башкы прокуратуранын ага койгон дооматтары боюнча жооп берди.
Кечээ, 28-майда, Башкы прокуратура Абировго жана мэриядагы бир катар аткаминерлерге карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген берененин негизинде иш козгогон.
Эске салсак, көзөмөл органы шаардын прогноздолгон бюджети жасалма жол менен көбөйтүлүп, айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулатылганын билдирген. Өзгөчө жоопкерчиликтүү жана маанилүү кызматтарга теңөө жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар мэринин айлыктары 120 миң жана 150 миң сомго жеткирилген. Мунун аркасынан 2019-жылдан 2021-жылдын биринчи кварталына чейин мамлекетке 214 581 700 сом зыян келтирилгени айтылган.
Ал эми Жаныбек Абиров социалдык тармактардан түз эфирге чыгып, Кыргызстандан кетүүгө ниети жок экендигин билдирген.
"Мен ар бир факты боюнча жооп берип, түшүндүрүүгө даярмын. Бишкек шаардык кеңешинин чечими көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 23 депутат чечим кабыл алгандан соң мен кол коём. Мен Бишкек шаардык кеңешинин болгону модераторумун жана кандай гана чечим кабыл алынбасын кол коюуга милдеттүүмүн. Кабыл алынган бардык чечимдер мыйзамдуу", - деген шаардык кеңештин спикери.
Булак: NazarNews.kg