www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султанда «Астыкжан» соода борборунан чыккан өрттөн 20 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, жабырлануучу «Универсал» эмерек цехинин кызматкери экени аныкталган.

«Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин 2001-жылы туулган кыз өрттөн өзүн куткаруу үчүн экинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен. Учурда ал травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна (NIITO) жеткирилди, анын абалы орточо оор», - деп билдиришти Нур-Султан шаардык тез жардам бөлүмүнөн.

Белгилей кетсек, соода борборундагы өрт 2-октябрда эртең мененки саат 9: 42де башталган. Маалым болгондой, өрт эмерек борборунда чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча, өрт 14 миң чарчы метр аянтта өчүрүлгөн.

Өрт менен Өзгөчө кырдаалдар кызматынын 105 кызматкери күрөшүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости