www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү социалдык тармактардын бирине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан фейк-аккаунт ачкан адам үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Ташкент ШИИБдин начальнигинин маалымат катчысы Бобур Туляганов соттолгон кишиге мөөнөтүн өтөп жаткан учурда да интернет колдонууга тыюу салынганын белгиледи.

Маалым болгондой, ушул жылдын март айында Ташкент облусунун Чирчик шаарында жашаган 39 жаштагы киши Facebook тармагында Өзбекстан президентинин жасалма баракчасын ачкан. Өлкө башчынын атынан ал өзүн президенттин администрация башчысы катары тааныштырып, жардамга муктаж болгондорго акча үчүн көйгөйүн чечүүнү убадалап турган. Укук коргоо органдары кийинчерээк ал адам ким экенин аныктап, кармаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости