www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициянын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы жарандарды 904 миң 750 долларга алдаган деп шектелген аялды кармаганын кабарлады.

Кечээ, 1-октябрда ЖМКлардын бири алты баланын энеси №1 тергөө абагына камалганын жазган. Анын жактоочусу камалган Талипова 18,5 миң доллар карызы бар адамдын арызынын негизинде кармалганын билдирген. Адвокаттын айтымында, аял мурда үй камагында болгон. Ал тергөөгө чакырылып сурак берип жатканда дарыканага чыгып келүүнү суранган. Кайра кайтып келгенде тергөөчү шектүү качып кетүүгө аракет кылганын айтып, камоо чечимин чыгарган.

Милициянын маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө туулган А.Талипова аттуу 40 жаштагы аялдын үстүнөн арыз түшүп, сотко чейинки териштирүү башталган. Кармалган жаран өзүн курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары тааныштырып, бир нече адамдан акча алган. Бүгүнкү күндө ага алданганын айтып 18 киши арыз менен кайрылганы белгиленди.

«Буга байланыштуу жарандар мыйзамсыз аракеттерине чара көрүүнү сурап бир нече жолу жогорку инстанцияларга даттанган. 28-сентябрда тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Т.А. камакта болбогондуктан сыртка чыгууну суранган. Бирок ошол бойдон из жашырып кеткен. Милиция аны таап, Тергөө кызматына алып келген. Натыйжада тергөөгө тоскоол болбошу үчүн аны эки айга тергөө абагына камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Ага Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү («Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылык») менен айып тагылган. Аны менен катар кармалган аял буга чейин да алдамчылык фактысы менен соттолгону аныкталган.

Сотко чейинки териштирүүнүн жыйынтыгы Октябрь райондук сотуна жөнөтүлүп, учурда каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости