www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы диний радикализмдин курчуп баратышы, "Талибан" менен кызматташуу кооптондурбайбы? Бул жагынан бийликке кандай сунуш, пикир айтасыз?

- Бизде диний көз караштар өтө көп, чачыранды, ошону менен бирге алардын ар түрдүү багыттары кирип кеткен. Чынында эле диний радикализм курчуп баратканы байкалат. Ошон үчүн «дин маселесине көңүл бурулушу керектиги, кийинки мезгилдеги түрдүү агымдардын кагылышынын биздин ички коопсуздукка кандайдыр бир зыяны тийип калышы мүмкүн» дегенди айтаар элем.

Талибдер Ооганстандын бийлигин кандуу төңкөрүш менен басып алды. Азыр көптөгөн өлкөлөр байкап турат, "Талибан" менен кызматташууга барсакпы же?... деп. Болгондо да улуу державалар ошо кызматташуу боюнча кадамдарды таштай элек.

Ошондуктан биздин өлкө талибдер менен кызматташууда кичине шашып кеткендей болуп калды. Таалатбек Масадыковдун Ооганстанга барып, талиб бийлигинин тышкы иштер министри менен жолугушуусу шашып кеткендик.

Анткени, кандай гана Ооганстан боюнча ою тереңирээк болгону менен, биз "Талибанга" абдан кылдат, этият мамиле жасасак. Дагы бир нерсени эске алганыбыз оң, себеби, элинин бир топ бөлүгү тажик улутунан тураарын. Тажикстан менен биздин мамлекет ортосунда жаралган маселелер азыркы күнгө чейин чечиле элек. Албетте, сунуш айтсаң биздин бийлик башкача кабыл алып жатат. Бирок сунушту да уга билген жакшы. Себеби, кандай гана ой-пикир болбосун, сөзсүз түрдө анын ичинен бир-экөөнүн мамлекетке пайдасы тийе турган жагы болот. Ошон үчүн шашылбаш керек. Деги эле тышкы саясатта кылдат мамиле жасаган оң.

Булак: Азия News гезити

Последние новости