www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну, 2 баланын атасы Садыкжан уулу Милан боорунун кургап калгандыгына байланыштуу катуу ооруп, тез арада боорун алмаштырууга муктаж.
Атасы Садыкжан Пазыловдун айтымында, баласы үчүн өзүнүн боорун берүүгө даяр. Боорду алмаштыруу үчүн Индияда операция жасатуу керек. Ал үчүн чоң суммадагы акча зарыл.
«Милан 2011-жылдан бери ооруп, кайрылбаган жери калбады. Азыр анын боорун алмаштырбаса болбойт. Күндөн-күнгө абалы оор. Операциянын өзүнө эле 30 миң долларга жакын акча керектелет экен. Жатакана, жол кире, дары-дармек, котормочу деген нерселер да бар. Мен азыр 55 жаштамын, донор болсом болот дешти. Азыр элден жардам сурап, акча топтоп жатабыз. Милан үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу. 1 уул, 1 кызы бар. Келинчеги мындан 1 жыл мурда 2 баласын таштап, Москва шаарына кетип калган. Балдарын өзүбүз карап жатабыз. Келем десе балдары үчүн эч нерсе дебейбиз. Жашаса да, жашабаса да өзү билет. Бүгүнкү күндө Милан оору менен алышып, күнүнө 10 миң сомго жакын дары-дармек колдонот. Антпесе курсагы, буттары шишип кетет. Ал дары Баткенде жок болгондуктан Ташкенттен 7200 сомго алып келебиз», - деди ал.
Буга чейин Милан Садыкжан уулу Баткен облустук телерадиокомпаниясында оператор болуп иштеп келген. Миландын жакындары колунда бар, кайрымдуу инсандардан жардам сурашат. Эгерде акча топтолсо операция жасатуу үчүн Индияга кетмек. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында операцияга чейин укол алып, дары ичип жан сактап жатат.
Жардам берүүнү каалагандар Пазылов Садыкжан Жунусалиевичтин атына 1380201010294081 номуру менен «Финка» банкына жана жана Элсом аркылуу 0778275252 номуруна жөнөтсө болот.
Булак: NazarNews.kg