www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, суудан анализ жасоо үчүн үлгү алынды. Суунун жээгинде балык, канаттуулардын өлгөнү байкалбаганы айтылды. Дарыянын жээгин иликтөө иштеринин жүрүшү улантылууда. Адистердин айтымында анализдин жыйынтыгынын негизинде натыйжасы айтылат.

Эске сала кетсек, 29-февралда Фейсбук социалдык тармагында Бишкектин четинде жашыл суу агып жатат деген видео тараган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирүү таратып:

“Абайлаңыздар, фейк! Аламүдүн суусу таза! Ардактуу шаардыктар, социалдык түйүндөрүндө Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлгон видео боюнча маалымат:
"Биз видео тартылган жерди аныктадык- бул “Дордой” жана “Энесай” конуштарынын ортосунун аккан Аламүдүн суусу.
ТСЖ, квартал башчылары, үй комитеттери жана конуш тургандары сууда эч кандай жашыл боёк жоктугун тастыкташты.
Район жетекчиси Мурат Осмоновдун айтымында суу таза жана видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери да келип суунун тазалыгын аныктап кетишти”,-деп билдиришкен эле.

Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалыматына караганда жашыл түстөгү суу Аламүдүн дарыясында эмес, Ала-Арча суусунда аккан болушу мүмкүн. Видеонун автору суулардын аттарын адаштырып алуу ыктымалдуулугу да бар экендигин ӨКМден билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости