www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүм башчысы, генерал-майор Абдулло Навджувонов кызматка дайындалгандан кийин, 12-февралда биринчи пресс-конференциясында Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн Кыргызстан менен чектешкен чек ара маселеси терроризм жана экстремизм менен катар эле негизги көйгөй болуп саналарын билдирип: “Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыксак, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп айткан сөзүн “Спутник” жазып чыкты.

Бул сөз кыргыз элин ойлонтуп, айрым кишилер өз ой-пикирин айтып, президентке да кайрылуу жолдогонго жетишти. 14-февраль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакыртылды. Жолугушууда кыргыз тарап Тажикстандын аталган генералы тууралуу сөз кылып, өз нааразычылыгын билдирди.

Бирок генерал Навджувоновдо кыргыз бийлигинде жок дух, дымак бар экендигин көрүп, ыйлагың да, күлкүң да келет экен.

Кечээ күнү жакында жумуштан бошогон КРнын экс-вице-премьер-министри Жеңиш Разаков сотко бир нече жансакчы менен келип, журналисттер "эмне себептен 5-6 жансакчы менен келдиңиз" деген суроо бергенде ал каратып туруп: “Охранам жок менде! Ким айтты силерге? Охранам жок, адвокаттарым бар. Мага охрананын эмне кереги бар? Мен "потерпевший" болсом бир жөн эле, эч нерседен коркпойм, кудайга шүгүр!”,-деп жооп кайтарып, көз көрүнөө жансакчылардын коштоосунда чыгып кеткен. Бирок, иш жүзүндө сөзүнө иши дал келген жок. Разаковду 7 киши коштоп жүргөнүн видеодон көрүүгө болот. Бирөөсү күрмөсүн кийгизсе, экинчиси унаасынын эшигин ачып берген.

Ушундай кырдаалды көрүп туруп, Кыргызстан эмне үчүн өнүкпөй жаткандыгы үнсүз түшүнүктүү болот тура....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости