www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Саясат менен колбасанын эмнеден жасаларын билгенде эч ким аралашпайт болчу» деп Черчилль айткан экен. Бирок ал кыргыздарга эч тиешеси жок. Баарыбыз саясатчыбыз. Баарыбыз президент  же депутат болгубуз келет. Ушундай. Баары эле чоң болгусу келет. Адам болоюн деген бирөө жок. Баары эле шайлоо, шайлоо, шайлоо. Депутат болом деген келечекти көрө билген мыйзамды ийне  жибине чейин түшүнгөн, чындыкты коргоп талашкан падыша дагы тайсалдаган сүрү бар элге мээримдүү, аябай акылдуу жан болушу керек. Татыктуулар жок эмес, бар. Бирок аралашып кеткени кыйын болуп турат. Татыктууларды тандап шайлайлы. 
Эл ушунчалык тажап, көргүсү келбей калган, депутат болбой эле койчу деп атса да болбой депутат болуп аткан бир депутат түш көрөт экен. Түшүндө тиги дүйнөдө жүрүптүр дейт. Ал жактан бир периште тосуп алып, “оо урматтуу депутат кош келиңиз! Сиздей кадырлуу депутатты кайсыл жакка алып барарымды билбей атам. Бейиш менен тозокту аралап көрүп өзүңүз бир жыйынтыкка келиңиз анан ошол жакка жиберели” дейт экен. 

Депутат макул болуп биринчи лифт менен тозокту көздөй баралы деп ылдый түшүп келсе укмуш дейт. Кулпурган жаздыктарда кызыл галустук тагынган чиновниктер кучак жайып тосуп алышыптыр. Кээ бирөөлөр тааныш экен. Укмуштан , укмуш күлкү, ыр майрам. Шараптын түрлөрү турат дейт. Каалашынча ичиптир, жомоктогудай дүйнө. Бир убакта колуна микрафон алып, Иблис өзү сөз сүйлөп, депутатты аябай мактап, төбөсүн көккө жеткирип кубантыптыр. Эгер бизди колдосоң, биздин команда менен болсоң ушундай жыргал заманда түбөлүк каласың дейт. Ошентип жыргып атып, бир күнү кантип өткөнүнүн билбей калат. Эртеси периште келип “жүрүңүз эми бейишти көрүңүз” деп лифт менен жогору көтөрүлүп бейишке алып келет. Бейиште мөлтүрөгөн булактар, жапжашыл өрөндөр. Жыйлмайып гана койгон, саламдашкан сабырдуу адамдар жүрөт экен. Бирок бир дагы жакындары жок. Тааныштарын таппай ээригип кетет экен. Чөнтөгүнөн тамекисин алып чыгып чегейин десе ширенкеси жок. Эки жагын карайт дагы, айланада жүргөн адамдардан барып сурайт. Кечиресиз, ширенке же “зажигалка” барбы деп. Алар жылмайып, бейиште от болбойт, тозокко барып күйгүзүп алсаңыз болот дешет. Тиги аябай кыйналыптыр, дагыбир күн өтүп кетет. Эмне кылам деп турса баягы периште келип, “кана кайсы жакты тандадыңыз?” дейт. Депутат бул жак деле жакшы экен бирок көңүлдүрөөк, кубанычы көп тозокко эле барайынчы деп айтат. Периште макул деп ээрчитип алып, лифт менен тозокко келишсе, кечээкинин бири жок. Жалындаган от, кыйналаган адамдар, өкүнгөндөр, жалынып, жалбаргандар. Бир убакта ары жактан Иблис көрүнгөндө жанына бара калып сурайт, бу кандай? Кечээ бул жер керемет эле го? Соонун шаан-шөкөт болуп атты эле го? Көзүн жашылданттып сураса. Иблис айтыптыр ээ досум кечээ шайлоо болчу. Шайлоодогу үгүт иштери жүрүп аткан. Ал бүттү. Сен болсо бизди тантап өзүң келдиң досум деп колунан кармап тартканда чоочуп ойгонуп кетиптир. 

Аялы да ойгонуп кетип эмне болду десе, эч нерсе болгон жок. Кудайым буюрса, дагы депутат болот окшойм деп коёт дейт. 

Мен шайлоого барбай койсом эмне болмок эле дебеңиз. Сөзсүз шайлоого катышыңыз. Сиздин шайлоого сатылбай жүрөгүңүз менен берген доубушуңуз өтө маанилүү”, - дейт Жеңишбек Жумакадыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости