www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык белгилүү ырчы жана актриса Женнифер Лопес менен колумбиялык ырчы, бийчи Шакиранын чогуу ырдаган видеосу талкуу жаратууда.

Белгилей кетсек, жылдыздар Майамиде өткөн америкалык футбол боюнча Супер Кубоктун (Super Bowl 2020) финалынын тыныгуу маалында чогуу ырдашкан.

Ал эми, видеонун социалдык тармакка жүктөлгөнүнө 2 күн болду. Бул аралыкта видео 57 миллионго жакын кароо топтоду.

Эске сала кесек, дүйнөлүк ырчылардын арасында жалгыз гана фотошопту колдонбой, ар түрдүү сүрөттөрдү кооздоочу программалардын жардамысыз социалдык тармакка сүрөт жүктөгөн Женнифер Лопес экени талашсыз.

Ошентсе дагы ырчы айымдар жаш курагына карабай мындай шоу көрсөтүүсүнө көпчүлүк суктанса, айрымдарга үлгү боло алды.

Таланттуу адамдар кайда болсо да өзүнүн таланттын элге тартуулоонун жолун издеп табат деген сөзгө бул видеону көргөн окурмандар сөзсүз кошулат деген ойдобуз.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости