www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчисинин мас абалындагы орун басары Эрнест Молдошев Бишкектин милициянын Кайгуул кызматынын кызматкерин сабап салды. Ал Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаасын мас абалында айдап жүргөн. Бул тууралуу Kaktus.mediaга жеке булактары билдирген.

Белгилүү болгондой, бийлик өкүлдөрүнүн чыры 24-марттан 25-мартка караган түндө, Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн өзгөчө абал киргизилген убакта болгон.

Инспектор айдоочуга токтоону талап кылганда ал токтобой,  каршы тилкеде өз жолун уланткан. Унааны Абдырахманов (мурдагы Совет) көчөсүнөн гана токтотууга мүмкүн болгон.

Айдоочу дароо ЖКнын коргонуу боюнча жетекчиси экендигин айтып, мас абалына, каршы тилкеге чыгып, жолун улап кеткендигине карабай бошотууну талап кылган

Андан кийин айдоочу Бишкек ШИИБинин милициянын Кайгуул кызматынын инспекторун бетке муштаган. Ооруга чыдабай, инспектор олтуруп калганда Молдошев аны тээп салган.

Дебоширди милициянын шериги өз убагында келип, араң токтотуп калган. Ошентсе да Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери бийлик өкүлдөрүнөн өч алуу жана ички иштер органынан жумуштан кетирүү менен коркуткан.

Аны тергөө органдарына өткөрүп беришкенден кийин Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми Бишкек ШИИБинин милициянын Кайгуул кызматынын кызматкери ооруканада дарыланып жаткандыгы маалым болду.

Кечээ, 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту ЖКнын чиновнигин үй камагына чыгарып жиберген.

Белгилей кетсек, Эрнест Замирович Молдошев генерал-майор Замир Молдошевдин уулу.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда тергөөчү Молдошевге карата “жумшак” 355-берене “Бийлик өкүлүн коркутуу жана күч колдонуу” менен  кылмыш ишин аргасыз козгогон.

 Алл КРнын Кылмыш жаза кодекси боюнча VI категориядагы айып пулу менен жазаланат: жашы жете электер үчүн 1 200 дөн 400 эсеп көрсөткүчү, башка физикалык жактар үчүн 2 600дөн 3 000 эсептик көрсөткүчү же II категориядагы эркинен ажыратуу: жашы жете электер үчүн 6 ай, башка физикалык жактар үчүн 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Албетте, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 355-беренеси боюнча сот кармалган кишини камай албайт, анткени бул оор кылмыш эмеска кирбейт.

Бирок тергөөчүгө басым көрсөткөнгө чейин Молдошевге КРнын Кылмыш жаза кодексинин “Коомдук тартипти коргоочу бийлик өкүлүнө же башка адамга бейбаштык менен каршылык көрсөтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону көздөгөн.  Бул жерде сот сот тарабынан камакка алынган адамды Бишкек шаарынын тергөө абагына камоого милдеттендирет.

Бул берене боюнча III категориядагы эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган: жашы жете электер үчүн 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, башка физикалык жактар үчүн 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин.

Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан Молдошев 2020-жылдын 24-мартында жумуштан бошоп кеткендигин билдирип, "Аны мас абалында эч качан көргөн эмеспиз",-деп маалымат беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости