www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украинага толук масштабдуу кол салуу үчүн зарыл болгон аскердик күчүнүн жана техникасынын 70% жакынын украин чек арасына жакын жерге жайгаштырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги менен Washington Post басылмасы АКШнын Чалгын кызматындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, Украинанын чек арасына жакын жердеги орусиялык батальондордун саны 83кө жетти. Мындан тышкары дагы 14 аскерий топ жолдо бара жатканы кабарланды.
Булак бир жума мурда эле чек арага жакын аймактагы орус батальондорунун саны 60ка жакын болгонун белгилеген. Басылмалардын билдирүүсүндө бул санга Буларустагы "Союздук чечкиндүүлүк" деп аталган аскердик машыгууга барган орусиялык жоокерлер кошулган-кошулбаганы көрсөтүлгөн эмес.
Бир батальондук топто 750гө жакын аскер болот. Washington Post гезити Украинанын чек арасына жакын жердеги жана аннексияланган Кырым жарым аралындагы орусиялык аскерлердин жалпы саны 100-130 миң деп бааланып жатканын жазууда.
Орусия кеч күздөн бери Украина менен чек арасына жакын аймактарына аскерин жана аскердик техникаларын топтоп жатат. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери жөнөтүлгөн.
Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн Батыш менен Киев эскертип келет. Москва мындай ниети жок экенин, аскерлер машыгуу максатын гана көздөп жатканын билдирип, Батышка "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деген талап коюуда.
Булак: NazarNews.kg