www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский Байденди кантип «подстава» кылды?

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтондун орусиялык коркунучтун деңгээлине берген баасы менен макул эместигин көрсөтүп, АКШга карата «кара чабуулдарды» жасап жатат, деп эсептейт «Зеркало Недели» интернет басылмасынын журналисти Татьяна Силина. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Өнөктөштөрдү «Украинага бут эмес, ийин бургула» деп үндөп, Зеленский өзү Украинага да, анын негизги стратегиялык өнөктөшүнө да чочко салды», - деп түшүндүрдү ал.

Байкоочунун айтымында, Зеленскийдин Орусия менен чек арадагы кырдаалдын курчушун көрбөй жатканын айткан сөздөрү Ак үйдүн башчысы Джо Байденди «акылсыз» абалга калтырды.

Силина мындай билдирүүлөр АКШнын Украина кризисине кийлигишпөөсүн жактагандардын таасиринин өсүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептейт.

«Натыйжада Зеленский Америка администрациясынын жана президент Байдендин өзүнө жана анын айланасындагыларга болгон мамилесин ого бетер начарлатты», - деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн өлкө боюнча мурункуга караганда чоң эскалацияны көрбөй турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости