www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда азык-түлүк алып бара жатам деген жарандардын жүк ташыган унаасынан ондогон кишилер бар болуп чыкты. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл ОИИБисинен Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда инфекциялык оорунун жугушунун коркунучун төмөндөтүү максатында эл арасында карантиндик режимдин талабын бекем сактоо боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери өткөрүлүп жатат.

Бирок, жүргүзүлүп жаткан аракеттерге карабастан, айрым тургундар кенебестик менен мамиле кылышып, айтылып жаткан кеп-кеӊештерге маани бербей жаткандыгы өкүндүрөт. Мындай кенебестик мамиле менен алар жеке эле өздөрүнүн гана эмес, тегерегиндеги адамдардын да өмүрлөрүнө коркунуч келтирүүдө.

Алып айтканда, 3-апрель күнү милициянын жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын постунан Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну А. Нурландын башкаруусунда «Мерседес-Бенц-316» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы токтотулган. Айдоочунун айтымында, ал шаарга азык-түлүк алуу үчүн бара жаткан. Бирок, автоунааны текшерген учурда анын ичинде 11 жүргүнчү бар экендиги аныкталып, алар Балыкчы шаарынан Ананьево айылына бара жаткандыгы тастыкталган.

Ошол эле күнү Түп районунун милиция кызматкерлери тарабынан, Түп айылына кире беришинде орнотулган посттунан «Камаз-35320» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, анын ичинен 23 жүргүнчү бара жаткандыгы аныкталган. Автоунаанын айдоочусу Ак-Суу районунун Боз-Булуӊ айылынын тургуну О. Алтынбектин айтымында, айылынан жумушчуларды жалдап, Түп районунун Балбай айылына көртөшкө жүктөгөнү бара жаткан.

Эки айдоочуга бузуулар кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүгү (Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) менен протоколдор түзүлүп, автоунаалар атайын токтотуучу жайга киргизилгендиги маалым болду.   
  с ясЯячсячсысыавпмфывмывамыявамывмвяым

Булак: NazarNews.kg

Последние новости