www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровду «суицидге» жакын адам катары дүйнөгө жар салып койду. Бул тууралуу экс-депутат Жылдызкан Жолдошова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүүгө болгон жакшы пландары бар. Буга албетте күчтүү команда жардам берет. Бирок ошол Садыр Жапровдун командасындагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин президент жөнүндө айткандары мени капалантты. Бейшеналиев, «Президен Садыр Жапаров түрмөдө жатканда өзүн-өзү кесип, өлтүрүүгө аракет кылган» деп айтып жатат.

Биз ал кезде Алмазбек Атамбаевдин бийлигине каршы болуп, анын күнөөсүз камалганына ошол учурдагы бийликти күнөөлөп чыкканбыз. Ал эми министр болсо бүткүл дүйнө жүзүнө Садыр Жапаровду өзүнө кол салган, суицидге барган адам катары көрсөтүп койду. Алымкадыр Бейшеналиев ойлонуп сүйлөш керек болчу.

Ал айткан күндө да мен Садыр Жапаров өзүнө кол салган эмес деп эсептейм. Бирок министрдин айткандарына президент да эч кандай комментарий берген жок. Биз ойлоп калдык, демек чын экен деп ойлоп калдык. Мындайча айтканда, Алымкадыр Бейшеналиев оозуна ээ боло албаган министр экен», - деди Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости