www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада болуп жаткан алоолонгон өрттүн башкы себеби «ДНР», «ЛНРдин» көз карандылыгын таануу болгон. Муну Путин менен Шойгудан бакшкалары деле түшүнүп калышты. Дүйнөдө «ДНР», «ЛНРден» башка өзүн-өзү республика жарыялап алгандар бар, алардын ичинде Евросоюзда 2017-жылдын 27-октябрында Испаниядан көз карандылыкты жарыялап Каталония Республикасын түзүшкөн.

Муну Испания баш болуп көпчүлүк колдошкон эмес. Автономдуу каталондуктар менен автономия алабыз деген оштук өзбектердин кандай өзгөчөлүктөрү бар? Алгач Испания менен Кыргызстандын айырмачылыгын байкайлы. Испания 46 миллион калкы бар, бир жыныстуу никеге уруксат берилген мамлекет.

Мындайча айтканда Испанияда эркек менен эркек, аял менен аял үйлөнө берет. Испания Англиядан мурун деңизди өзү ээлеген, Латын Америкасында португалдар басып алган Бразилиядан башкасын испандар басып алган.

Арабдар ислам динин жайылтып жатканда Испанияны басып кирген, бирок Европа ойгонуп кетип, мусулмандарды тосуп калган. Бүгүнкү күнү миграциянын натыйжасында Испанияда 2 миллиондой мусулмандар бар. 2004-жылы террордук жардыруу болуп эки жүздөй адам өлгөн.

Ош жергеси үч миң жылдык тарыхы бар кыргыздын кымбат жери эмес,мурунку президенттердин убагында Ооганстандан Европага баңги зат ташыган «наркобарондордун трафигине» да айланган Бул баңги транзиттик жолу аркылуу жөнөкөй адамдар баңги зат ташый алышпайт. Баңги зат ташыгандардын «крышасы» бийликте, криминалдык чөйрөдө отурушат.

Ошондуктан мына бүгүнкү күнү да баңги затка каршы күрөшкөн агентчиликтин Түштүк жергеси боюнча жетекчилиги «кол балага» айланган. Алар ооздорун ачып «сары ооз жөжөлөрдөй» бийлик жакты тиктеп турушат. Бул агентчиликке тайманбаган, өрттөй жанган жигиттерди алып келбесе наркотикага каршы сырттан берген миллиондор кумга сиңген суудай жок болушу мүмкүн.

Кайсы бир убакта ушул агентчиликти жетектеп, наркобарондорду желкелеп, бийлик чиновнигин, депутаттын, криминалдык чөйрөнүн муштум түйгөнүнө карабай баңги затка каршы айыгышкан күрөш жүргүзгөндөр азаматтарыбызды «көлөкөгө» катып койдук.

Ош окуясында да наркобарондор ооздуктаган бийлик эгелери жок, дардаңдап көбө баштаган. Өлкөдө стабилдүүлүк жок болсо, аларга ошончо пайда эмеспи. Анан, албетте, баңги заттан таба турган байлык үчүн тутанган отту үйлөгөн оңой да. Автономдуу каталондуктар менен автономия алабыз деген өзбектердин кандай өзгөчөлүктөрү бар:

1. Каталония Испаниядагы тарыхий област. Орто кылымдарда өзүнчө королдук, княздык болуп турган.

2. Оштук өзбектер “токсон боолуу өзбектердин” бир бөлүгү. Мавеннахрда грек,араб, сарт, тажик, карлук жана башка көптөгөн элдерден куралган урууну 1381-жылы Дешти-Кыпчак талаасынан келген түрк уруулардын жол башчысы Өзбек хан басып алган.

Бул уруулардын барын бириктирип “өзбек” деген этноним беришет. Бирок, совет мамлекетине чейин “өзбек” этноними талаштуу болуп келген.Сталин Бухара, Кокон, Хива хандыктарынын калдыктарын бириктирип Ташкенди борбор кылып республика түзгөн, атын талашып отуруп Өзбек хандын урматына “өзбек” деп койгон. Каталан тили бар, бул тил роман тил түркүмүнө кирет;

3. Өзбек тили бар, көп элдерди өз тилине кийирип, түрк тил түркүмүнө кирет. Бухаранын көп жери тажик тилинде сүйлөшөт. Кыргыздардын да бир топ бөлүгү өзбек тилин эне тили кылып кетишкен. Кыргызстандык кыпчактар ошол кездеги өзбектик кыпчактар менен биригип Кыпчак республикасын түзөбүз деп кыргыз жерлерин өзбектерде өткөргөн деген сөздөр бар. Бирок Сталин кыпчактарды чогулутуп бере албайм деп макул болбой Кыпчак республикасы түзүлбөй калат. Бир жарым миллиондон ашуун кыргыздар Өзбекстанда калышып, совет доорунда өзбектешип кеткен.

4. Каталониянын калкынын саны 7 жарым миллион.

5. Өзбектер Ош, Жалал-Абад,Баткен облусунда кыргыз жана улуттар менен аралаш жайгашкан.

6. Каталония Женералитетинин президенти, Каталония өкмөтүнүн башчысы Ким Торра, парламентинин спикери Торрен Рожер;

7. Кадыржан Батыров башында турган өзбек сепаратисттери Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Конституциясын атайын барып окуп, үйрөнүп келип, Ош облусунда өзбек тилине мамлекеттик тил макамын беребиз деп чыгышкан; 8. 1978-жылы Каталония автономияга жетишкен.

2017-жылдын 27-октябрында каталондуктардын сепаратисттери Каталония Республикасын түзүп, Испаниядан өз алдынча көз каранды болобуз деп бир тараптуу Испаниядан бөлүнүүнү жарыялаган. 9. 2010-жылдын 11-июнунда Кадыржан Батыров башында турган өзбек сепаратисттери тынч жаткан кыргыз элине кол салып кайгылуу Ош жаңжаалы башталган. «Бай менен байбиче урушса, кул менен күң куймакта» - дейт.

Кыргыздар бири-бири менен уруша кетип ортосунда «Ватан» партиясынын лидерлери учурдан пайдаланып өз максаттарын ишке ашырууну көздөштү. «Бийликтин даамы» жаман, бул даамды татып алган адам айласы кеткенде байыркы римдиктерче «бөлүп алып,башкар» ыкмасына чейин барышы ыктымаал.

Акаев колдой турган Чүйү кошо толкуп айласыздан, көзүнүн жашын көл кылып, учак менен учуп кетти. «Үмүт деген акырында өлөт» -дейт. Кыргызстанда өтө коркунучтуу кырдаал түзүлүп турганда, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ошол мезгилдеги бирден-бир туура кадамга барып, Бакиевди сыртка чыгарып жиберди. Муну Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү колдогон жок. Өмүр боюу оппозицияда келе жатып, бир заматта бийликтин даамын тата калышкан «ата-мекенчилер» өзбек авантюристтери менен биригишип кыргыздын Тейит айылын, душмандын жерин басып алгансып талкалап салышты.

Бул өзбек авантюристтеринин демине-дем кошту. Алар Убактылуу Өкмөт менен байма-бай катташып, “өздөрүн-өздөрү билишип, өтүгүн төргө илише” баштады. Алар мамлекеттин бүтүндүгүнө доо келе турган сепаратисттик ураандарды көтөрүшүп, жаңы бийлик бутунан тургуча пайдаланып калууну көздөштү.

Кадыржон Батыров өзбек тилине өзгөчө статус берүү тууралуу маселени мурун эле көтөрүп келген. Эми ага кудай берип мамлекеттин атын өзгөртүү тууралуу маселени козгой баштады. Өзбек сепаратисттери тынчыган жок. Чек арадан чычкан жөргөлөп өтсө дагы биле турган коопсуздук органдары, өзбек-кыргыз чек арасына көз жуумп коюшту.

Батыров башында турган «буржуй» өзбектер карапайым кандаш өзбектердин мээсин тескери айлантышып, жыйырма жыл мурун болгон кагылышты эске салышып, куралдандыра башташты. Ошол мезгилде коопсуздук органдары «эшек такалап» отуруштубу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости