www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№7үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун урологу менен маек. Бөйрөк – адамдын эң маанилүү органдарынын бири. Анын маанилүү экенин билсек да, анчалык деле кам көрө бербейбиз. Буга азыркы күндө бөйрөк ооруларынан жабыркагандардын күн санап өсүп жаткандыгы далил. №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун урологу Бакыт Мамбетисаев менен бөйрөк ооруларынын белгилери, алдын алуу тууралуу маек курдук.

-- Азыркы учурда бөйрөк оорулары менен кайрылгандар көппү?

-- Бөйрөк – маанилүү орган, ошондой эле заара бөлүп чыгаруу системасында бөйрөк оорулары алдыңкы орунда турат. Бөйрөк оорулары жылдан-жылга көбөйүп баратат, өз убагында кайрылбай жана бөйрөк оорусу өтүшүп кеткенде кайрылгандар көбөйүп кетти. Бөйрөк оорулардын арасынан эң кооптуусу – бөйрөктүн өнөкөт оорусу саналат. Бул дартка чалдыкан бейтаптар гемодиализ аппараты аркылуу, башкача айтканда, жасалма бөйрөк аппараты менен дарыланышат. Мисалы, 2010-2011-жылдары 350-400 бейтап гемодиализ аппараты аркылуу дарыланса, жыл сайын бейтаптардын саны көбөйүп, 2020-2021-жылдары гемодиализ аппараты аркылуу дарыланган бейтаптардын саны 1450-1500 адамга жеткен. Бул сан бөйрөк оорусу менен кайрылгандардын көбөйгөнүн билдирет.

-- Бөйрөк ооруларын кантип алдын алса болот?

-- Бөйрөк оорулары заара чыгаруу же табарсык ооруларына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле башка оорулар жана туура эмес адаттар дагы бөйрөк оорусун пайда кылышы ыктымал. Бөйрөк органы заара бөлүп чыгаруу системасында эң башкы ролду ойнойт. Ошондуктан бөйрөк оорусуна кабылбаш үчүн баардык бейтаптар өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүп турушу зарыл.

Биринчиден, бөйрөк оорусунун алдын алуу үчүн төмөндөгүдөй кадамдар зарыл:

· жашаган жердеги бейтапканадагы дарыгер-терапевтке жылына эки жолу кайрылуу;

· жалпы заара анализин (ОАМ) тапшырып туруу;

· бөйрөк тестин (почечный тест) тапшыруу;

· УЗИ аппараты менен бөйрөктү жана башка заара бөлүп чыгаруучу органдарды текшертип туруу;

· кан басымды, кандагы кантты текшертип жана изилдөөдөн өтүп туруу зарыл. Экинчиден, сергек жашоо образын жүргүзүү дайыма зарыл:

· туура тамактануу (туз, май, дарылар, консерванттар, газдалган өтө таттуу суусундуктар, спирт ичимдиктери, тамеки ж.б. зыяны бар азыктарды жебеш керек, же болбосо нормасы менен тамактануу зарыл.

· жылуу жүрүү, сууктан сак болуу зарыл;

· өнөкөт инфекция менен коштолгон дарттарды өз убагында дарылап туруш керек. Мисалы, тиш ооруларын, тамак ооруларын (ангина, кариес).

· туура эс алуунун режимин сактап, нормасы менен уктап, бир жерде көпкө отурбаш керек, узак стресстен сак болуу зарыл.

-- Оору курчуп кеткенде кандай белгилер менен коштолот?

-- Бөйрөк оорулары көп учурда өзгөчө белгилерди жаратышы мүмкүн.

· безгек;

· жүрөк айлануу;

· заара чыканда оорутуу;

· алсыроо;

· белдин арткы капталында оорулардын пайда болуусу;

· заарадагы кан;

· дененин чыйрыгуусу.

Ушундай учурларда өзүн өзү дарылабай, дарыгерге кайрылганы оң. Эгер бөйрөктүн олуттуу көйгөйлөрү болсо, анда:

· жаман калдыктар денеде топтолот жана бөйрөктүн ордуна ошол жаман жыттар дем алуу менен чыгат;

· ооздо металл даамы жыттанат;

· дем алууда көйгөйлөр болот;

· колдун жана буттун шишип кетиши, ошондой эле көздүн айланасында шишиктин пайда болушу;

· тез-тез заара кылуу;

· кан басым жогорулап кетет.

Ушундай белгилер бөйрөктүн өтө начар же иштебей калышын билгизет. Өз ден соолугубузга кайдыгер мамиле жасабай, дарыгерге милдет кылбай, ар бир адам өзүнүн аң-сезимин, акыл-эсин ойготуусу зарыл. Бирөөлөрдүн дарылатышын күтпөй, денеге тийешелүү маданиятыбызды өзүбүзчө жогорулатуубуз маанилүү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости