www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан үчүнчү мамлекеттер аркылуу чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоону уюштуруу үчүн Польшага жөнөтүлгөн дипломаттардын ыкчам тобу мекендештерди мекенине алып чыгуу иштерин улантууда.

Польша тарабы менен бул маселени иштеп чыгуунун жыйынтыгында, 2022-жылдын 19-мартында Бишкекке кезектеги чартердик каттам келди, анын бортунда Украинанын аймагынан Польшага кеткен 95 Кыргыз Республикасынын жараны (анын ичинде аялдар жана балдар) болгон.

Бул КРнын Тышкы иштер министрлиги Польша тарабы жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын «Фронтекс» агенттиги менен биргеликте уюштурган экинчи эвакуациялык каттам.

19-мартта Кыргызстандын 43 жараны Чехиядан Ошко, 35 Кыргызстандын жараны Прага-Стамбул-Бишкек багыты боюнча Прагадан Бишкекке учуп келди.

Бул каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясынын Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.

12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина-Польша мамлекеттик чек арасынан КРнын 34 жараны өткөн, алар тууралуу маалымат Польшада жайгашкан жана жарандардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүсүн уюштурган КРнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө берилген. Кошумчалай кетсек, бир мекендешибизге 12-мартта эл аралык уюм аркылуу билет сатып алууга жардам көрсөтүлүп, Бухарест-Стамбул-Бишкек рейси менен мекенине аман-эсен кайтып келди. Ошондой эле, 5 жаран Молдовага жеткирилген. Отчеттук мезгилде элчилик консулдук кызматтарды көрсөткөн. Ошентип, 2 мекенине кайтуу күбөлүгү (МКК) берилип, 5 персоналдык иденцификациялык номер (ПИН) дайындалды. Ошондой эле, 2 үй-бүлө согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуацияланды, алар азырынча Украинада калуу каалоосун билдиришкен.

Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандарын Польшадан, Чехиядан эвакуациялоо, ошондой эле Украинанын согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларында жүргөн кыргызстандыктарды коопсуз аймактарга чыгаруу боюнча иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын 718 жаранына Украинадан чыгып кетүүгө жардам көрсөтүштү.

Кыргызстанга 528 жаран жеткирилген, анын ичинен 60тан ашуун жаран Молдова жана Түркия аркылуу өз мекенине кайтып келишкен, алардын көпчүлүгүнө консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жарандарды документтештирүү иштери жүргүзүлдү, калган жарандар коопсуз аймактарда: Польшада, Румынияда, Венгрияда, Словакияда, Молдовада, Германияда, Түркияда жайгашууда.

Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар. Элчилик Украинада калган жарандар менен байланышта, алардын көбү жашаган жеринде калуу каалоосун билдиришүүдө. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жабыркагандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости