www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азыркы депутаттар саясий чечимдерди кабыл ала алышпайт", - деди бүгүн, 13-мартта NazarNews маалымат агенттигине  саясатчы Жылдызкан Жолдошова. 

--“Кайсы өлкөдө болсо дагы саясат туура жолдо болсо, ал өлкө өнүгөт. Тилекке каршы бизде саясий мамлекеттик иш-чарлардан кийин 3 жолу төңкөрүлүш болду. Ошондуктан Баш мыйзам дагы чоң саясат десем туура болот. Өлкөдөгү баардык болуп жаткан нерсени мыйзам чегинде алып барсак туура болчу. Баш мыйзамды шашпай 7-чакырылыштын депуттары чечип, алар кабыл алса болмок. Бир жагынан алганда туура жана мыйзамдуу болуп саналмак. Себеби, азыркы депутаттардын ишмердүүлүгү күзүндө эле аяктаган. Ошондуктан алар мамлекеттин саясий чечимдерин кабыл алууга мыйзам ченемдери чектелген. Конституциянын жаңы долбоорун дагы кабыл ала алышпайт. Баш мыйзамды азыркы депутаттар кабыл алганга укугу жок. Мен дагы экс-депутат катары азыркы кесиптештериме сунушумду бир канча жолу айттым, бирок алар эске алышкан жок. Баарыбызга белгилүү болгондой Баш мыйзамды кабыл алуу шашылыш болуп калды. Негизи конституцияны азыр кабыл алган туура эмес. Ошондой эле, бул долбоорго каршы митингдер уюштурулуп жатат. Чыккандардын дагы өз чындыгы бар. Себеби, алар бул конституциянын ар бир беренелерин карап, туура эместигин айтышууда. Андыктан саясат болобу, башка чечим болобу туура чечим чыгарсак, элдин пикирин уксак деген ойдомун”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости