www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай гана бийлик болбосун, калыстыктан таяр замат карапайым калктын ишеничинен кете баштайт. “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” -деген кептин төркүнү дал ушул жакта.

“Жемкорлор камалат” - деп опурулуп “үч тамганын” камчысын оңду-солду чаап жаткан Камчыбек Ташиев деле “кара кылды как жарган” калыс боло албай жатканына “баш чайкагандар” арбыды. Эки айда Кыргызстанда “кой үстүнө торгой жумурткалаган” заманды убада кылгандардын убадасы азырынча убара менен гана чектелүүдө.

Өткөн жылдын октябрь айында элдин үмүтү, Үмүт атуу өспүрүмдүн, өмүрүнүн кыйылышы менен бийликке келгендер, бүгүн көпчүлүктүн купулуна толбой турат.

Эгемендүүлүктөн бери “май талкандын” үстүндө жүргөн бир да чиновник, бир да коррупционер камалган жок. Тескерисинче, бир күн да бизнес кылбай эбегейсиз байлык топтоп “мистер 10 пайыз” атка конгон Акылбек Жапаров бүгүн президенттин эң жакын вазири.

Кайсыл бийлик келбесин, тез эле “коюн колтук” алышып көнүп калган рейдер, «псевдо» бизнесмен Өмүрбек Бабанов да өзүнө карата коррупция беренеси менен 13 кылмыш козголсо да, “кабагым кашым”- дебей Садыр аванын эң жакын “ат кошчусуна” айланды. Айрым маалыматтарга караганда 13 кылмыш ишинин 7 кылмыш ишин жабууга үлгүрдү дешет.

“Элдин көзү көрөгөч”, эл мунун баарын билип муштумун түйүп демин ичине катып турат. Ал ортодо, АША Соке досунан кызганып жасалма түрдө Кыргызстандын №1 коррупционери кылып элге таңуулаган Райымбек Матраимов мыйзам чегинде жазасын алып мамлекетке 2 миллиард сом акча төгүп берсе да, кайрадан камалды. Бул эмне деген өзүм билемдик?!

Мыйзамда бир кылмыш үчүн адам бир эле жолу жооп берери кашкайта жазылган. Райым Матраимов болгону бажы кызматынын төрага орун басары болгон. Эми элестетип көргүлө, Райымбек Бажынын төрагасынын башын “аттап” ошол кездеги өлкө жетекчилигинин бучкагына теңебей “өзүн өзү билип өтүгүн төргө илип” коррупция кыла алат беле?

Албетте жок. Матраимов бийлик үчүн катардагы эле көп чиновниктердин бир болгон. Ал эч убакта өз алдынча чечим чыгарышы мүмкүн эмес болчу. Ага карабай, бүгүнкү күнү чыныгы жемкорлор унутта калып жалгыз гана Райымбек Матраимов коомчулукка “бокочо” көрсөтүлүп жатканы акылга сыйбаган иш.

Айрымдар апыртып жүргөндөй, Райымбек Матраимов жомоктогудай байып кеткени деле чындыкка дал келбейт. Андан 100 эсе байлар ошол эле мурда-кийин бийликтин “акырынан жем жеп” калган бок курсак чиновниктердин арасынан жүздөп саналат.

Мындай “кан соргучтарга” элдин тагдыры бир тыйынга арзыбайт. Кимдин ким экенин өткөн жылы таажы вирус ылаңынын пандемиясы кашкайта далилдеди.

Элдин башына зор мүшкүл түшүп турганда, “каруусун казык” кылган чыныгы эр азаматтар, элдин “жеңилин жерден, оорун колдон алып” миңдеген адамдарды ажалдан арачалап калууга себепкер болгон.

Алардын арасында бир тууган Матраимовдор да бар. Тонналаган ун, тамак-аш, дары-дармек “Ысмайыл -Ата” фонду аркылуу Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна жеткирилди. Мындай марттыкка ким көрүнгөн бара албайт. Тескерисинче, миллиардер Өмүрбек Бабанов пандемиядан пайдаланып дары-дармектерди кампага бекитип, атайын тартыштык жаратып анан элге кымбат сатып оңбогондой пайдага туйтунганы жалпыга маалым.

“Элдин көзү көрөгөч”, “Үч тамга” шоу кылып Райымбек Матраимовду кайра камаганда миңдеген адамдар мындай калыстыкка чыдабай митингге чыкты. Бул жолу сабыр кылып жөн гана эскертип ошону менен чектелди. Эгерде, коррупция менен күрөш ушинтип бир жактуу улана берсе анда, элдин араң турган чыдамы түгөнүп бийликке “энесин үч коргондон “ көрсөтүүүгө жөндөмдүү экенин тарых миң жолу тастыктады.

Андыктан, күнөөсүн моюнуна алып бюджетке 2 миллиард сом төлөп берген Райымбек Матраимов тез арада камактан бошотулуп ага карата куугунтук токтобосо, мунун аркасы жакшылык менен бүтпөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости